• Башкы бет
  • Ошто каналдан 1,5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
13:56, -ж., 28-сентябрь

Ошто каналдан 1,5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Ошто каналдан 1,5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Оштогу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы каналдагы сууга агып кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрь күнү окуя болгон жерге издөө иштерин улантуу үчүн 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды. Издөө иштеринин жыйынтыгында саат 10:50дө куткаруучулар тарабынан 1,5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Кыздын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...