
13:50, 2021-ж., 28-сентябрь
Ош шаарынын деталдык планы качан аягына чыгат?

Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.
Сессиянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын өкүлүнөн шаардын деталдык планы боюнча маалымат берүүнү суранды.
Башкармалыктын өкүлүнүн айтымында, бүгүнкү күндө шаардын деталдык планынын долбоору иштелип жатат.
«Концепция толук аягына чыкпай турат. Ага 12 миллион сом бөлүнгөн. Кыргыз реставрация институту Ош шаарында көп жерлер Сулайман-Тоонун буффердик аймагына кирерин айтып, бүтпөй жатат», - деди ал.
Төрага Салман Назылбеков бул иш Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилиши керек экенин айтты. Ал эми депутат Болот Баетов мыйзам бузуу болгондугун, башкармалык сотко кайрылуу керек экенин билдирди.
Ош шаарынын деталдык планына Ош шаарынын борбордук бөлүгү кирет. Деталдык план 3 миң 500 гектар аянтты түзөт. Аны бүтүрүү үчүн жалпы 17 млн сомдон ашык акча жумшалат. Ал эми шаардын башкы планы 2016-жылы бекитилген болчу.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
6
live comments feed...
Комментарийлер