
13:47, 2021-ж., 28-сентябрь
Ошто 80 сотых жер 12 млн.сомго сатылган

Ош шаарындагы Амир-Тимур аймактык кеңешиндеги 30 сотых жер 7 миллион сомго сатылганы айтылууда. Бул тууралуу депутат Эсенбек Арзиев бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.
Ал эми вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, аталган аймактык башкармалыктагы жер ушул жылдын май айында сатылган.
«Амир-Тимур аймактык башкармалыгындагы жер сатылганы чын. 30 сотых эмес, 80 сотых жер жеке ишкерге мектеп салуу үчүн сатылган. Ал 12 миллион сомго бааланган», - деди Жунусбаев.
Депутат Эсенбек Арзиев мындан сырткары ишкерлерден 20 батир алып, социалдык абалы начар адамдарга таратуу туура эмес деген пикирин билдирди.
Ал эми вице-мэр депутаттын пикири эске алынарын айтты.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:09
Кечээ
16:06
Кечээ
15:59
Кечээ
15:15
-ж., 7-декабрь
Атайын тема
Жарыялар
15:46, -ж., 5-декабрь
29
live comments feed...
Комментарийлер