• Башкы бет
  • Таза суу маселеси Ош шаарында жазда чечилет
13:45, -ж., 28-сентябрь

Таза суу маселеси Ош шаарында жазда чечилет

Таза суу маселеси Ош шаарында жазда чечилет

Ош шаарында таза суу маселесин жаз айынын баштап чечүү үчүн алгачкы иштер жүрүп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында мэр Алмазбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, каражат маселеси президент Садыр Жапаров менен да сүйлөшүлгөн.

«Бишкектен атайын адистер келип жатат. Таза суу маселесин чечүүнү жаз айында баштайбыз. Кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашыруу керек. Суу маселесин чечүүнү күн ысышы менен баштоону пландап жатабыз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акча маселеси да каралууда. Каражат маселесин президент менен да сүйлөшкөнбүз», - деди Алмазбек Мамбетов

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...