• Башкы бет
  • "Жылаңач денеңи чыгарам",-деп шантаж кылган жаранга сот өкүмү окулду
13:39, 2021-ж., 28-сентябрь

"Жылаңач денеңи чыгарам",-деп шантаж кылган жаранга сот өкүмү окулду

"Жылаңач денеңи чыгарам",-деп шантаж кылган жаранга сот өкүмү окулду

Ош облустук соту Анвар (аты өзгөртүлдү) боюнча чыккан Ош шаардык сотунун өкүмүнө байланыштуу апелляциялык сунушту карап чыкты.

Анвар 1993-жылы Ош шаарында туулган, билими орто, үй-бүлөлүү. Мурда соттолгон эмес. Убактылуу эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Анвар ушул жылы Нурду (аты өзгөртүлдү) «акыркы жолу жолугабыз» деп алдап чакырып, унаасына отургузуп, «мени менен бирге мейманканага барасың же болбосо адырга барабыз» деп коркуткан. Андан кийин Ош шаарындагы мейманканалардын бирине алып барып, жылаңачтап чечиндирип, телефонуна сүрөткө тарткан. Айыпталуучу: «Бул сүрөттөрдү туугандарыңа жөнөтөм. Интернетке чыгарып жиберем» деп шантаж кылып, андан 50 000 сом акча талап кылган.

Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 24-июнундагы өкүмү менен Анвар Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде белгиленген эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп, 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулган.

Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош шаардык прокуратурасы бул өкүмгө макул болбой, облустук сотко апелляциялык сунуш келтирген. Анда айыпталуучу Анвар жабырлануучу Нурду мейманканага алып барып, сүрөткө тартып, жыныстык катнашка мажбурлап, сүрөттөрүн таратпоо үчүн 50 000 сом акча талап кылганы айыпталуучунун жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрү жана иштин материалдары менен толук далилденгени, биринчи инстанциядагы сот иштин материалдарын үстүртөн карап, соттук териштирүүнү бир жактуу өткөрүп, негизсиз жыйынтыкка келгени көрсөтүлгөн. Ошондой эле Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 24-июнундагы өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуга угузулган айып боюнча жаза белгилөө керектиги айтылган.

Соттук отурумда айыпталуучу Анвар күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, жабырлануучу менен мурдатан тааныш болуп келген. Окуя болгон күнү экөө мейманканага барышкан. Ал жерде өзү үчүн жабырлануучуну телефон менен сүрөткө тартып алган. Эч кандай бычак менен коркуткан эмес. Жабырлануучу жыныстык катнашка өз каалоосу менен барган. Жабырлануучу андан мурда акча сурап жүргөн.

Нур ата-энеси менен үйүнө келип, тополоң салгандыктан ачууланып, жабырлануучудан ага короткон акчасын сураган. Опузалап акча талап кылган эмес.

Айыпталуучу бүгүнкү күндө жабырлануучу менен өз ара макулдашууга жетишкенин көрсөтүп, камак менен байланышпаган жаза белгилөөнү сурады. Ошондой эле жогорудагы апелляциялык сунушту колдоп, канааттандырууну өтүнгөн.

Жыйынтыгында Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 24-июнундагы Анвар тууралуу өкүмү өзгөртүлдү.

Ал Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, эсептик көрсөткүчтүн 500 (50 000 сом) өлчөмүндө айып салуу менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүмүнүн (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча биротоло эсептик көрсөткүчтүн 500 (50 000 сом) өлчөмүндө айып салуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 81-беренесинин 4-бөлүмүнүн (Камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү) эрежелери негизинде белгиленген айып түрүндөгү жаза өз алдынча аткарылмай болду.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөрүүсүз калды.

Апелляциялык сунуш канааттандырылды.

Өкүм жарыялангандан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Нааразы тарап кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга укуктуу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...