• Башкы бет
  • Ош шаарында күзгү массалык чуркоо болуп өттү
18:03, -ж., 25-сентябрь

Ош шаарында күзгү массалык чуркоо болуп өттү

Ош шаарында күзгү массалык чуркоо болуп өттү

Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында күзгү массалык чуркоо болуп өттү. Ага шаардык мэриянын, мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, күч органдарынын өкүлдөрү, шаар тургундары, студенттер, мектеп окуучулары, спорт сүйүүчүлөр катышты. 

Иш-чаранын расмий ачылышына вице-мэр Венера Рыскулова катышып, жалпы катышуучуларды спортко, сергек жашоого чакырды. 

Катышуучулар жаш курагына карап бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.  

Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. 

Массалык чуркоо 5-октябрь шаар күнүнө карата уюштурулуп, ага 12 жаштан 80 жашка чейин 4 миңге жакын адам катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...