Ош шаарында эл аралык жарманке өтөт

2021-жылдын 28-30-сентябрь күндөрү Ошто “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Иш-чарага 500дөн ашуун жергиликтүү ишкерлер, чет өлкөнүн элчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аталган иш-чаранын алкагында чет өлкөдөн келген коноктор Ош облусундагы бир катар ири ишканалар менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлөт.
“Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси максаты: Ош облусунда Эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспортоого колдоо көрсөтүү.
“Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин ЖМКлар үчүн программасы:
28-сентябрь
9:00- ОУДТ драма театрында “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин ачылышына концерттик программа.
10:00- “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин расмий ачылыш аземи.
10:30- ЖКМлар үчүн пресс-конференция
11:00- “Интеграция и развитие регионов” аталышындагы Бизнес форумдун ачылыш аземи
29-сентябрь
10:00- Ата-Мекендик ишкерлер менен чет өлкөлүк компания өкүлдөрү катышкан жыйын.
15:00- Ата-Мекендик ишкерлер менен чет өлкөлүк компания өкүлдөрү ортосунда кызматташуу тууралуу келишим жана меморандумга кол коюу.
17:00- “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин расмий жабылуу аземи.
30-сентябрь
9:00- “Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкесинин катышуучулары үчүн экскурция
Комментарийлер