• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри эл аралык мелдеште ийгилик жараткан армия кызматкерлерин сыйлады
17:58, 2021-ж., 25-сентябрь

Ош шаарынын мэри эл аралык мелдеште ийгилик жараткан армия кызматкерлерин сыйлады

Ош шаарынын мэри эл аралык мелдеште ийгилик жараткан армия кызматкерлерин сыйлады

Кечээ, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн эл аралык “АрМИ-2021” танкалык биатлон жана десанттык взвод мелдештеринде катышып, 1-орунду ээлеген Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери менен жолукту.

Жолугушууда шаар башчысы аскерлерге мындан аркы иштерине ийгилик каалап, өлкө намысын бек сактап, ар дайым бийиктиктерди багындырып жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Сыйлоо аземинде мэр Алмаз Мамбетов 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-ротасынын улук механик айдоочусу, кенже сержант Дилмурад Азизовго, 36806 аскер бөлүгүнүн 1-танкалык ротасынын командири, капитан Курманбек Надирбековго, 01003-аскер бөлүгүнүн соотанк кызматынын башчысы, полковник Рустам Садиковго, 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик айдоочусу, сержант Бекмурза Суюнбай уулуна, 30630 аскер бөлүгүнүн улук механик-айдоочусу, ефрейтор Нурсултан Тажибай уулуна, 36806 аскер бөлүгүнүн танкалык батальонунун 1-танкалык ротасынын улук мээлегичи, катардагы жоокер Амангелди Төрөбек уулуна, 30670 аскер бөлүгүнүн Т-72М танкасынын командири, сержант Исхак Тыналы уулуна, 30670 аскер бөлүгүнүн танкалык взводунун командири, улук лейтенанты Ырысбек Шайып уулуна 5000 сомдон акчалай сыйлык жана ардак грамоталарды тапшырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...