
17:55, 2021-ж., 25-сентябрь
Таластан Ташкентке тоннель куруу долбоору жанданууда

Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылынан Өзбекстандын Ташкент облусуна Түз ашуусу аркылуу тоннель куруу долбоору жанданууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков билдирди.
«Бул долбоор союз кезинде бир иштелип чыккан экен. Бирок ишке ашкан эмес. Биз ал долбоорду жандандыруу максатында инвесторлорго сунуш кылып жатабыз. Ал тоннель 5,7 км аралыкта казылып, Ташкент каттамын камсыз кылат. Эгерде мындай каттам болсо, 630 км аралыкты түзөт. Ал эми бул тоннель курулса, Талас менен Ташкенттин ортосундагы аралык 120 км болуп калат. Бул жолду кыскартат.
Биз учурда Казакстан менен гана чектешип, экономикалык багытта алака жүрүп жатат. Бул каттам ачылса, экономикага, соода-сатыкка, туристтик багытта бир топ үзүрүн берет. Ташкент облусунда 18 район, 8 млн жашоочу бар. Бул биз үчүн жаңы рынок болот. Бул тоннелдин долбоору 1 млрд сомго чейин эсептелинип жатат. Ошол үчүн конкреттүү инвесторлорго сунушталууда», - деди ал.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер