• Башкы бет
  • Президенттин Ош облусундагы өкүлү эл аралык мелдеште жеңүүчү болгон спортчуларды сыйлады
17:53, 2021-ж., 25-сентябрь

Президенттин Ош облусундагы өкүлү эл аралык мелдеште жеңүүчү болгон спортчуларды сыйлады

Президенттин Ош облусундагы өкүлү эл аралык мелдеште жеңүүчү  болгон спортчуларды сыйлады

Кечээ, 24-сентябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эл аралык мелдештерде ийгилик жараткандарды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндарында Ош облусундагы 60 жаштан жогорку курактагы мырзалардын волейбол боюнча командасы 1-орунду ээлеген. Аларга Зиядин Жамалдинов 15 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ал эми алыш бел боо күрөш боюнча чемпион болгон Роман Сапаров (60 кг), Каныбек уулу Мыктыбекке (90 кг) 5000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн эл аралык «АрМИ-2021» танкалык биатлон жана десанттык взвод мелдештерине катышып, 2-дивизиондо 1-орунду ээлеген Ош гарнизонунун аскер кызматкерлерин куттуктап, ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Мындан сырткары, Өзбекстан Республикасында өткөрүлгөн бильярддын снукер түрү боюнча чемпион болгон Сыймык Ураимовго 50 миң сом, коло байге уткан Шаирбек Маматокторовго 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...