• Башкы бет
  • Оштогу Барсбек жана Манас эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат
09:42, -ж., 24-сентябрь

Оштогу Барсбек жана Манас эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

Оштогу Барсбек жана Манас эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен Барсбек жана Манас айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасы жашылдандырылып, жарандар үчүн эс алуучу бактар курулат. 22-сентябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Барсбек жана Манас айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу боюнча долбоору менен таанышты.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Манас айланма жолдун айланасын жашылдандыруу жумуштары кийинки айда башталат.

Ал эми Барсбек  айланма жолунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган бөлүгүнө курулуучу эс алуу бактын долбоору бүткөрүлүп, каржы булагы аныкталууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...