• Башкы бет
  • Президенттин Оштогу өкүлү Араванга барды
09:40, -ж., 24-сентябрь

Президенттин Оштогу өкүлү Араванга барды

Президенттин Оштогу өкүлү Араванга барды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапарын Араван районуна жасады.

Анын алкагында Кайрагач-Арык айылында курулушу жүрүп жаткан 60 орундуу балдар бакчасы, №23 А.Тургунов атындагы жатак мектебинин жаңы имараты жана Мангыт айылындагы 50 койкалуу ооруканын имараты менен таанышты.

Ошондой эле жаңы ачылган 250 орундуу тигүү цех, ташты кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларын көрүп чыкты. Иш сапарда айыл чарба тармагында иш алып барып жаткан мекемелер менен таанышты. Мындан сырткары, Араван районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...