• Башкы бет
  • Тажик окуучулары 4 кыргыз окуучусун урган
09:34, 2021-ж., 24-сентябрь

Тажик окуучулары 4 кыргыз окуучусун урган

Тажик окуучулары 4 кыргыз окуучусун урган

Кечээ, 23-сентябрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында окуучулардын сабалышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымат берди.

Кечээ саат 13:00 чамасында Көк-Таш айылынын Дахма аймагында мектептен кайтып келе жаткан төрт кыргыз окуучусун тажик айылынын 30га жакын 11-классынын окуучулары ур-токмокко алган. Анын кесепетинен 4 кыргыз окуучусу денесинен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

«Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алган. Эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгон. Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузуучулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүүзүнү макулдашты. Учурда чек аралаш аймактарда коомдук саясий абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматы боюнча, Баткен районунун Аксай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын Назаров көчөсүнүн Шайдулла Ганы орто мектебинин окуучулары мектептен чыгып, үйлөрүнө бара жаткан учурда ошол эле Назаров көчөсү менен мектептен үйлөрүнө кайтышкан Тажик республикасынын Исфара районунун Майский айылынын 30 чакты окуучусу менен жол талашуудан пикир келишпестик болуп, Тажикистан тараптын балдары кыргыз балдарын ур-токмоко алышкан.

«Анын кесепетинен Шайдулла Ганы орто мектебинин 14 жаштагы 4 окуучусу денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылганы белгилүү болду. Баткен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө. Жаракат алган жарандар Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилди.

Баткен районунун жана Исфара районунун күч түзүмдөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда Көк-Таш айылынын Назаров жана Боронбаев көчөлөрүн эки тараптуу милиция кызматкерлери кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоо жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жолугушуу саат 16:20да аяктап, азыркы учурда Баткен РИИБдин жетекчиси Алмаз Шагамурзаев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда коомдук-саясий абал туруктуу», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...