09:29, -ж., 24-сентябрь

1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду.

Чечим президенттин «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана пенсионерлердин кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында кабыл алынды, деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Өткөн жылы пенсиясынын жалпы өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болгон пенсионерлердин категориясы үчүн пенсиянын базалык бөлүгү 110 пайызга индексацияланган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785,4 сомду түздү.

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8 пайызгага жогору, же 455 сомду түзөт. Жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...