• Башкы бет
  • Таалатбек Масадыков Ооганстанга барды
09:26, -ж., 24-сентябрь

Таалатбек Масадыков Ооганстанга барды

Таалатбек Масадыков Ооганстанга барды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстандын борбору Кабул шаарына барды. Ал жактан Ооганстандын Ислам Эмиратынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки (Amir Khan Muttaqi) менен жолугушту. Бул маалыматты Афганистан Ислам Эмиратынын өкмөтүнүн катчысы Забихулла Мужахид социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган.

Жолугушууга Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев да катышкан.

Кыргызстандын делегациясы «Талибандын» өкмөтү менен мындай деңгээлдеги жолугушуу өткөргөн Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болду.

  • Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...