
10:37, 2021-ж., 23-сентябрь
Шаар мэри "Алай" футбол командасынын курамы менен таанышты

Бүгүн, 21- сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Алай" футбол клубунун машыктыруучулары жана оюнчулары менен таанышты. Шаар жетекчиси "Алай" командасы өлкөбүздөгү эң тарыхка бай, ийгиликтүү команда экенин белгилеп, элдик команда экендигин билдирди.
"Шаар мэри, клубдун жетекчиси катары команданы ар тараптан колдоого даярмын. "Алай" командасы өлкөбүздө жана чет жерлерде Ош шаарыбыздын намысын татыктуу коргоп келет. Бир нече жолу өлкө чемпиондугун, Кубогун, Супер Кубогун алган. Команда күйөрмандарга бай чыныгы элдик команда. Андыктан оюнчуларга, машыктыруучуларга алдыңкы оюндарда ийгилик, жеңиш каалайм. Биз силерге ишенебиз! Дайым татыктуу оюн көрсөткүлө",-деди шаар мэри.
Алмаз Мамбетов клубдун жетекчиси, башкы машыктыруучусу менен командадагы пландар, көйгөйлөр, стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча маселелер каралып, аларды чечүү жолдорун талкуулады.
Андан соң, өлкө чемпиондугунун негизинде өткөн "Алай" менен "Абдыш-Ата" оюнуна күбө болду.
Айта кетсек , "Алай" футбол клубу муниципалдык клуб болуп эсептелет. Команданы каржылоо үчүн жыл сайын шаардын казынасынан акча каражаты бөлүнүп берилет.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:09
Кечээ
16:06
Кечээ
15:59
Кечээ
15:15
-ж., 7-декабрь
Атайын тема
Жарыялар
15:46, -ж., 5-декабрь
29
live comments feed...
Комментарийлер