• Башкы бет
  • Ош шаарындагы коомдук каттамдарынын каттоо мөөнөтү текшерил
10:33, -ж., 23-сентябрь

Ош шаарындагы коомдук каттамдарынын каттоо мөөнөтү текшерил

Ош шаарындагы коомдук каттамдарынын каттоо мөөнөтү текшерил

22-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынан жана шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен түзүлгөн комиссиялык топ менен биргеликте коомдук каттамдарга рейд жүргүзүштү.

Вице-мэр эртең мененки саат 07:30да, жарандардын көбү жумушка же окууга шашып бараткан убакытта кичи автобустар менен троллейбустардын режимдерин текшерди. Ошондой эле, коомдук транспорттун экологиялык жана техникалык абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, час-пик учурунда каттоо мөөнөттөрүнүн аралыгын кыскартуу тапшырмалары берилди.

Бул иш-чара Ош шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде уюштурулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...