14:26
Кечээ
Кечээ, 22-сентябрь күнү саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Комментарийлер