• Башкы бет
  • ТИМ Индияда киши колдуу болгон келин менен баласынын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтөт
10:18, 2021-ж., 23-сентябрь

ТИМ Индияда киши колдуу болгон келин менен баласынын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтөт

ТИМ Индияда киши колдуу болгон келин менен баласынын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, кырсык 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен. Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда.

22-сентябрда Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Нью-Делиде беш айлык боюнда бар Кыргызстандын жараны баласы менен бычакталып сөөгү досунун үйүнөн табылганын жазган7

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...