• Башкы бет
  • Ошто ит тиштеген адамдар кутурмага каршы эки ирет вакцина алышты
16:28, -ж., 22-сентябрь

Ошто ит тиштеген адамдар кутурмага каршы эки ирет вакцина алышты

Ошто ит тиштеген адамдар кутурмага каршы эки ирет вакцина алышты

Адамдарды тиштеген итти Кара-Суу районунун Учар айылынын тургундары өлтүрүп, башын чуңкурга ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынан билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Маалыматка караганда, 19-сентябрь күнү Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгында 7 адамды тиштеген ит андан ары Учар айылына барган. Ал жакта Кара-Суу районунун 3 тургунун тиштеген.

«Ош шаары менен чектешкен Учар айылына барыптыр. Эл өлтүрүп, иттин башын чуңкурга ыргытып жибериптир. Ит Ош шаарынын 7 тургунун тиштептир. Кара-Суу районунун 3 тургунун тиштеген. Азыркы учурда үймө-үй кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Мамарасул Өмүрзаков 19-сентябрь күнү кечки саат 19:00 чамасында мойнунда кызыл жиби бар, ак түстөгү ит Туран аймактык башкармалыгында 8 адамды тиштегенин билдирди.

«Аталган ит Туран кичи районундагы 8 адамды тиштеген. Анын ичинен бирөө чоң киши болгон. Жетөө балдар. Андан ары өтүп, Кара-Суу районунун Учар айылына барган дагы, ал жакта 3 адамды тиштеген. Итти кармайм деген чоң кишинин колунан тиштеген, анан баласын тиштеген. Баары болуп 11 адамды тиштеген. Анын ичинен тогузу балдар.

Ошол учурда жашоочулардын бири итти кармаган. Анан аны өлтүрүшкөн. Аталган жерге ӨКМден кызматкерлер барышкан. Бирок алар иттин башын алып, лабораторияга тапшырбастан, аны беккари чуңкуруна ыргытып жиберишкен. Азыркы учурда иттин ээси аныкталып жатат. Бирок кимдин ити экени белгисиз болууда. Эгерде ээси аныкталып калганда, кайсы күнү чыгып кеткен, кутурганбы же жокпу деген суроолорго жооп алмакпыз.

9 бала жана 2 киши кутурмага каршы вакцина алышкан. 2 бала ооруканада жатат. Анткени көбүрөөк тиштеп койгон экен, дарыланып жатышат. Калган тогузу бүгүн кайрадан кутурмага каршы вакцина алышат», - деди Өмүрзаков.

Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Сүйүн Абдылдаев аталган окуя боюнча буларды билдирди.

«19-сентябрь күнү кечки саат 19:00дө ӨКМден маалымат беришти. Туран аймактык башкармалыгында адамдарды ит тиштеп алыптыр деп билдиришти. Биздин инспекторлор, ветеринарлар барып, жеринде издеп көрүп, итти таппай калган. Элден сурашса, Кара-Суу районуна караштуу Учар айылына өтүп кетиптир. Ошол жакта эл бир итти өлтүрүшкөн. Анан дагы бир итти шектеп, мергенчини чакырганбыз. Мергенчи да бир итти аткан. Учар айылы Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан, аталган райондогу ветеринария башкармалыгына маалымат бергенбиз. Учурда биздин кызматкерлер, ит тиштеген 8 адамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», - деди Абдылдаев.

Кечээ, 20-сентябрь күнү Ош шаардык ооруканасынан жалпы 13 адамды ит тиштегени тууралуу маалымат кабарланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...