16:36
-ж., 23-сентябрь
Бүгүн, 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта кыргыз мигранттары тарабынан Баткен облусундагы алыскы райондордогу ооруканаларга 2 даана тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Түштүк Корея өлкөсүнүн Инчхон шаарында эмгектенген 25 кыргыз мигранты унаанын ар бирин 17 миң доллардан сатып алышкан. Унааларды Кыргызстанга жеткирүү акысын кошкондо ар бири 25 миң долларды түзгөн. Мигранттар тарабынан жалпы 50 миң доллар акча каражаты сарпталды.
Учурда тез жардам унаалары Баткен облусуна жеткирилип жатат. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен макудашып, тез жардам унаасы жок райондук ооруканаларга тапшырылат.
Комментарийлер