Баткен: 2 тажик жараны соттолуп, 3 кыргыз жараны түрмөгө камала турган болду

Кечээ, 21-сентябрда Лейлек райондук сотунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин кыргызстандык жарандарга козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
- Кыргызстандын 3 жараны 8 жылдан 15 жылга чейин камалып, алардын бирөөсүнөн 200 миң сом айып пул алынды.
- Тажикстандын 2 жараны өмүр бою кесилип, 280 миң сом айып пул салынды. Алардын бирөөсүнөн келтирилген материалдык 8,7 млн сом чыгым өндүрүлдү.
Маалым болгондой, аталган райондук соттун өкүмү менен Кыргызстандын жараны И.А.И. Жазык кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүмү (согуш убагында мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Жазык кодексинин 391-беренесинин 1-бөлүмү (мародёрлук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (КРнын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-5- пункттарынын (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) талаптарына ылайык, И.А.И.га белгиленген жазалар бири-бирине толук бириктирүү жолу менен 100 миң сом айып салуу менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Ошондой эле Кыргызстандын жарандары Б.А.И. менен У.А.К. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 307-беренесинин 2-бөлүмү боюнча (согуш убагында мамлекеттик чыккынчылык кылуу) жосундарында кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Жазык кодексинин 391-беренесинин 1-бөлүмү (мародерлук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (КРнын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, экөө тең 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пунктунун (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) талабына ылайык, Б.А.И. менен У.А.К. белгиленген жазалар бири-бирине толук бириктирүү жолу менен биротоло 8 жыл 6 айга эркиндиктеринен ажыратылды.
Жазык иши боюнча айыпталуучу И.А.И.ден жабырлануучу тургун Б.Ш.Ж.нын пайдасына келтирилген материалдык зыян 200 миң сом өндүрүлгөн.
Лейлек райондук сотунун 14-сентябрдагы өкүмү менен Тажикстандын жарандары Ю.А.А. менен К.А.А. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 42-беренеси (кылмышты аткаруучулук) аркылуу 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) боюнча күнөөлүү деп табылып, 280 миң сом айып салынуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 391-беренеси (мародёрлук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазык кодексинин 78-беренесинин 4-бөлүгүнүн (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде жазалар бири-бирине толук бириктирилип, 280 миң сом айып салынып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.
Жазык иш боюнча айыпталуучу — Тажикстандын жараны Ю.А.А.дан жабырлануучу тургун М.С.нын пайдасына келтирилген материалдык зыян — 8 млн 700 миң сом өндүрүлгөн.
2021-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин тажик тараптын куралдуу кол салуусунан кийин Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Кол салууда кыргызстандык 36 адам каза болуп, дагы бир катар адамдар жаракат алышкан. Максат айылы Тажикстан менен чектешет.
Комментарийлер