• Башкы бет
  • Калмыкиянын мурунку президентти Таласка келди
10:01, -ж., 22-сентябрь

Калмыкиянын мурунку президентти Таласка келди

Калмыкиянын мурунку президентти Таласка келди

Кечээ, 20-сентябрда Калмыкиянын мурдагы президенти, ишкер Кирсан Илюмжинов Талас облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Кирсан Илюмжиновду «Манас Ордо» улуттук комплексинде тосуп алды. Алгач Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылынып, андан соң коноктор «Манас» эпосунун музейи жана «Кырк-Чоро» архитектуралык композициясы менен таанышты. Эки тараптуу жолугушуунун расмий бөлүгү облус башчысынын жумуш ордунда уланды. Баарлашуу учурунда Бакытбек Нарбеков экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи. Кирсан Илюмжинов мурда Кыргызстанга бир нече жолу келсе да Таласка биринчи жолу келип жатканын, Талас жергесинин касиети өзгөчө экенин, «Манас» эпосу кыргыздардын гана эмес, дүйнө элинин руханий мурасы экенин белгилеп өттү.

Бакытбек Нарбеков демилгеленип жаткан Түз ашуусу аркылуу Өзбекстанга тоннель салуу жана Бакайыр айыл аймагындагы күмүш кенин иштетүү келечектүү долбоорлор экенин белгиледи. Талас облусуна ири инвестиция салуу ниетин билдирип жаткан Кирсан Илюмжиновго Бакытбек Нарбековдун буйругу менен «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Күндүн экинчи жарымында Кирсан Илюмжинов Талас шаарындагы «Эко фиш» балык өстүрүүчү чарбанын иши менен кеңири таанышты. Облус башчысы ишкерге балык өстүрүү жана экспортко чыгаруу багытындагы Талас облусунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Кирсан Илюмжинов Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл аймагынын Куру-Бакайыр жайыгындагы күмүш кени жайгашкан аймак менен жеринде таанышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...