• Башкы бет
  • Ошто аялын жана кайненесин уруп өлтүргөн жаран өмүр бою камак жазасын алды
17:12, 2021-ж., 20-сентябрь

Ошто аялын жана кайненесин уруп өлтүргөн жаран өмүр бою камак жазасын алды

Ошто аялын жана кайненесин уруп өлтүргөн жаран өмүр бою камак жазасын алды

Ош шаарында кош бойлуу аялын жана кайненесин токмоктоп өлтүргөнү үчүн Ош шаардык соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын окуясына байланыштуу видео далилдер кайрадан дыкат каралат. Бул туурасында Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, видео далилдердин дисктерин дыкат көрүп чыгуу үчүн соттук отурум 5-октябрга кайрадан жылдырылды.

2021-жылы 16-июнь күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү), 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыпталган А.А. өмүр бою эркиндигинен  ажыратылган. Анын жактоочусу бул өкүмгө нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Даттануунун негизинде Ош облустук сотунда иш өндүрүшкө алынган.

2020-жылы 22-октябрь күнү Ош шаарында А.А. кош бойлуу аялын жана кайненесин жыгач союл менен катуу сабаган. Анын кесепетинен аялы окуя болгон жерде көз жумуп, кайнеси 2 күндөн кийин ооруканага жеткирилген. Ал жаракаттан улам 5 күндөн кийин ооруканада каза болду. Соттолуучу А.А. окуя болгон жерден түнү менен белгисиз жакка качып кетип, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкектен кармалып, камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...