17:09, -ж., 20-сентябрь

УКМК Кубанычбек Нурматовду кармады

УКМК Кубанычбек Нурматовду кармады

УКМК мурун «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болгон Кубанычбек Нурматовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-сентябрда билдирди.

Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланышкан көптөгөн фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Тергөө учурунда мурунку депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экени боюнча далилдер алынган.

Расмий маалымат боюнча, ал 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлккө ээлик кылган.

20-сентябрда ал Жазык-процессуалдык кодексинин 9-беренесине  ылайык алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нурматов 2012-2015-жылдары Эсептөө палатасынын аудитору, 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2021-жылдын августунда БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...