• Башкы бет
  • Парламенттик шайлоого 596 млн.сом жумшалат
12:03, 2021-ж., 20-сентябрь

Парламенттик шайлоого 596 млн.сом жумшалат

Парламенттик шайлоого 596 млн.сом жумшалат

Парламенттик шайлоого бюджеттен 592 миллион 531 миң сом кетет. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, бул каражат шайлоо тилкелеринде иштеген кызматкерлердин айлыгы, байланыш кызматтарына, транспортко, канцелярдык товарларды сатып алууга жана чет өлкөдө добушканаларды ачууга жумшалат.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип Боршайкомго 75 партия арыз тапшырган. Ушул тапта БШК бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөн талапкерлердин арыздарын кабыл алып жатат.

Кыргызстанда ушуну менен быйыл төртүнчү жолу чоң шайлоо өткөнү турат. 10-январда президенттик шайлоо болгон. 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, үч ири шаарда кайра шайлоо 11-июлда болгон. Эми күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өткөнү жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...