• Башкы бет
  • Ошто бир жарандын мурду сынып, мээси чайкалды
11:58, -ж., 20-сентябрь

Ошто бир жарандын мурду сынып, мээси чайкалды

Ошто бир жарандын мурду сынып, мээси чайкалды

Ош шаарынын тургуну Номанжон Исмаилов сабалып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы аймактык кабарчысына шилтеме берүү менен жазды.

Өзүнүн айтымында, мурду санып, мээси чайкалган.

«Менин балам Ислам Исмаилов бирөөлөрдү уруп, унаасын өрттөп жиберген, деп милиция кызматкерлери үйгө келишти. Анан мен официалдуу чакыруу менен келгиле деп кайрылдым. Бирок милиция кызматкерлери менен кошо менин балам сабады деген адамдын жакындары, туугандары кошо келген экен. Алар баламды сабашты. Анан тез жардам унаасын чакырдык. Тез жардам унаасы келгенине карабай баламды милициянын атайын багытагы кызматкерлери алып кетишти. Тиги сабалды делген баланын туугандары мени да сабап коюшту. Тез жардам менен ооруканага келдим. Мурдум сыныптыр, мээм чайкалганын айтышууда. Бирок мен ооруканага жата албайм. Анктени акчам жок деп турам», - деди Исмаилов.

Аталган окуя боюнча милициядан жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Номанжон Исмаилов буга чейин август айында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы өз ишин татыктуу аткара албай жаткандыгын айтып, маалымат жыйын уюштурулган. Анда баласы Исладимин Исмаилов боюнча 20дан ашык кылмыш иши козголуп, анын көпчүлүгү сот тарабынан кыскарганын айткан. Бирок ага карабай Ош ШИИБдин тергөө кызматы негизсиз айыптап жатканын билдирген.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков анын баласы Исламидин Исмаилов 2014-жылдын 24-январынан бери ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмышуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын, ал 23 жолу кылмыш жообуна тартылганын билдирген болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...