14:26
Кечээ
Кечээ, 19-сентябрь күнү саат 08:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин жетти. Кечээ саат 21:21де жер титирөө болуп, анын күчү Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин жетти.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Комментарийлер