• Башкы бет
  • Кара-Суудагы рейдде 32 бала түнү көчөдө жүргөнү маалым болду
11:48, 2021-ж., 20-сентябрь

Кара-Суудагы рейдде 32 бала түнү көчөдө жүргөнү маалым болду

Кара-Суудагы рейдде 32 бала түнү көчөдө жүргөнү маалым болду

16-17-сентябрда Кара-Суу районунда «Өспүрүм» жана «Өспүрүм түн» аталышындагы иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара милиция кызматкерлери жана билим берүү бөлүмү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, соцкызматкерлер менен биргеликте жашы жете элек балдар арасында жана аларга карата жасалып жаткан укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу, топтошуп мушташууларды алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө максатында өткөрүлдү. Анын алкагында Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан кафе-ресторан, түнкү барлар, компьютердик клубдар жана устаканалар текшерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында жалпысынан жашы жете элек өспүрүм 32 бала аныкталып, аларга жана ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 1 өспүрүмдүн үй-бүлөлүк турмуш шарты оор болгондуктан Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан №118 Д.Султанов жатак интернат мектебине жайгаштырылды.

Жогорудагы аныкталган жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча тиешелүү документтер топтолуп, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына жана Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнө сунуш каттары жөнөтүлдү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...