
10:36, 2021-ж., 17-сентябрь
Оштун мэри курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту.
Жолугушууда мэр шаардын өнүгүүсүндө шаардык инфраструктураны жакшыртуунун, өзгөчө шаардык архитектураны түзүү аркылуу туристтерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын жетекчилери объектилерди курууда кыйынчылыктарды жаратуучу көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү, анын ичинде Сулайман-Тоо буфердик зонасы, суу коргоо зонасы, электр линияларына жакындык.
Мындан тышкары, көп кабаттуу жаңы үйлөрдү жылуулук тармактарына кошуу үчүн кубаттуулукту жогорулатуу маселеси айтылды.
Жолугушуунун аягында мэр курулуш компаниялары менен фирмаларынын жетекчилерин шаардын жыргалчылыгы үчүн жигердүү иштөөгө жана жергиликтүү бюджетке салыктарды ачык төлөө аракетин көрүүгө чакырды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер