
10:33, 2021-ж., 17-сентябрь
Бекмурза Зулуев кайрадан ректор болуп шайланды

Бекмурза Зулуев бүгүн, 16-сентябрда кайрадан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп шайланды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган шайлоо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу жайдын ректорлук кызмат орунунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу уюштурулду. Шайлоого жалпысынан 3 талапкер катталган. Анын экөө башка жогорку билим берүү мекемелеринин кызматкери болсо, бирөө аталган университеттин баштагы ректору Бекмурза Зулуев жамааттын сунушу менен талапкерлигин койгон. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй шайлоого университеттин жалпы профессордук окутуучулук курамы шайлоочу катары катышып, өз добуштарын беришти. Жыйынтыгында шайлоочулардын 99% добушуна Зулуев Бекмурза Бекболотович ээ болуп, уюштуруу комитетинин токтому менен министрликке сунушталды.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорлук кызмат орунунун мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаганына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитеттин төрайымы болуп министрликтин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова дайындалган. Анын жетекчилиги астында атайын отурум өткөрүлүп, 24-августта аталган ваканттык орунга расмий түрдө жарыя берилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер