• Башкы бет
  • Бүгүн Өзгөн шаарында бир көчө жабык болот
10:31, -ж., 17-сентябрь

Бүгүн Өзгөн шаарында бир көчө жабык болот

Бүгүн Өзгөн шаарында бир көчө жабык болот

Өзгөн шаарындагы Ленин көчөсү жабылып, Манас көчөсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, бүгүн, 17-сентябрда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Өзгөн шаарында «Маданият мунарасы» долбоорунун алкагында «Өзгөн мунара-2021» этно-фольклордук фестивалы өтөт.

«Мындан улам саат 08:00дөн 24:00гө чейин Өзгөн шаарынын В.И.Ленин көчөсү жабылып, Манас көчөсүндө оор жүк ташуучу автоунааларга чектөөлөр киргизилет», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...