10:29, 2021-ж., 17-сентябрь

Алмаз Сарыбаев кармалды

Алмаз Сарыбаев кармалды

Биринчи май райондук соту 16-сентябрда кечинде «Толубай» банкынын директорлор кеңешинин мурунку мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында ал СИЗО-1 абагына 15-ноябрга чейин камакка алынды.

А.Сарыбаев менен ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген айып менен кармалган. Кечээ Курсан Асанов СИЗО-50 абагына 2 айга камакка алынды.

Ош шаарында 40 жаштагы адам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, милицияга баңгизат колдонуп жүргөн адам тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам маалыматтын негизинде 14-сентябрь күнү ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын тургуну — 1981-жылы туулган Т.У кармалды. Кармалган учурда анын жанынан 7,5 грамм гашиш табылды. Андан соң үйү тинтүүгө алынып, даараткананын чатырынан 2,85 грамм гашиш табылып алынды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ал эми шектүү көрсөтмөсүндө баңгизатты Бишкек шаарынан келе жатып Токтогулдан алганын айткан. Учурда анын көрсөтмөсү боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...