• Башкы бет
  • Франция: Террордук чабуулда айыпталган жарандын соту уланууда
09:44, 2021-ж., 16-сентябрь

Франция: Террордук чабуулда айыпталган жарандын соту уланууда

Франция: Террордук чабуулда айыпталган жарандын соту уланууда

Франциянын борбору Париж шаарындагы 2015-жылдагы 130 адам каза болуп, 400дөн ашуун адам жараат алган террордук чабуулдар үчүн негизги айыпкер катары соттолуп жаткан Салах Абдеслам кылмыштагы ролун моюнуна алып, мындай кадамга “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы жана Ирактагы өкүлдөрүнө карата француз өкмөтү жасаган аба чабуулдары үчүн барганын билдирди.

Тергөө учурунда эч нерсе айтпай койгон Абдеслам 15-сентябрда Парижде сот отурумунда көрсөтмө берип жатып курман болгондорго жана жабыркагандарга карата жеке эч кандай дооматы болбогонун айтты. “Биз Францияга каршы чыкканбыз”, - деди ал.

2015-жылдын 13-ноябрында “Ислам мамлекети” террордук тобунун тогуз согушкери жана жанкечтилер Париждин чет жакасындагы бир нече жерде теракт уюштурушкан. Бул окуя Франциянын Экинчи дүйнөлүк согуштан берки тарыхында эң көп жабыркоого алып келген чабуул болгон.

Чабуул уюштурган франциялык жана бельгиялык жарандардын арасынан жалгыз Абдеслам гана тирүү калган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...