• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө 6 жаштагы жана 4 жаштагы балдар көз жумду
09:37, 2021-ж., 16-сентябрь

Ысык-Көлдө 6 жаштагы жана 4 жаштагы балдар көз жумду

Ысык-Көлдө 6 жаштагы жана 4 жаштагы балдар көз жумду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылында өрттүн кесепетинен каза болгон балдар тууралуу "Турмуш" басылмасынын аймактык кабарчысы сурап билди, деп жазат аталган басылма.

Айыл тургундардын айтымында, кырсык түшкү саат 14:00 чамасында катталган.

«Кечээ, көчөдө бет маңдай жашаган кошунанын төрт баласы (экиден бир туугандар) А.Б.нын сарайында ойногон экен. Ал кезде көз жумган 4 жашар кыздын атасы (үй ээси), апасы жүк ташуучу унаасы менен цемент алганы Түп айылына кеткен. Үйдө жаңы келген келин бар экен (көз жумган кыздын бир тууган жеңеси). Ал балдарды түшкү тамактанууга чакырайын деп таппай калган. Ошол учурда мектепте окуй элек 4 бала сарайдын ичинде үйүлүп турган чөптүн жанында ойногон. Анан эле тилсиз жоо чыгып, эки үйдүн бирден баласы сыртка качып чыгып, экөө ичинде калыптыр. Анткени сарайдын чатыры шифер менен жабылып, ичи толтура чөп болгондуктан чыга албай калган окшойт.

Өрт катталган сарайды үй ээсинин келини биринчилерден болуп көргөн. Андан соң кошунасы (баланын чоң атасы) шифердин жарылганын угуп, небересин издей баштаган. Сарайдан качып чыккан эки эркек бала коркконунан жашынып турганын көрүшкөн. Алардан бир туугандарын сураганда сарайда калганын айтышкан. Бул мезгилде кошунанын ата-энеси үйүндө болгон. Көп өтпөй өрт өчүрүүчүлөр келип, тилсиз жоону курчап, балдардын жансыз денесин алып чыгышты», - дешти айыл тургундары.

Өрт чыккан турак үйдүн ээси — 1972-жылы туулган А.Б. Анын 4 жашар кызы сегиз бир туугандын кичүүсү болчу. Ал эми 1990-жылы туулган И.Б.нын 6 жашар баласы 3 бир туугандын улуусу эле. Ал бүгүн, 15-сентябрда мектепке даярдоо классына бармак.

Көз жумган кошуна балдар жерге берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...