Президент менен кимдер Тажикстанга барды?

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына барды.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков;
— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
— Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов;
— өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУда Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор Казыбек Көчкөнов.
Комментарийлер