
09:47, 2021-ж., 15-сентябрь
Ошто кошумча жабдуу орнотуп алган айдоочулар боюнча рейд жүрдү

Ош облусунда унааларга кошумча жабдуу коюп алган айдоочуларга рейд өттү. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүнчү ташуу менен алектенген коомдук автоунаалар, жүргүнчү ташуу менен алектенген жеңил жана миневен үлгүсүндөгү автоунаалардын техникалык абалы, өз алдынча жабдуулар орнотулганы текшерилди. Акыркы аялдамаларда, автобекеттерде турган айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейд учурунда өз алдынча кошумча жабдыктарды орноткон 4 айдоочуга 5 миң 500 сомдон Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынды. Мындан сырткары унааларынын алдыңкы айнегин караңгылатып алган 4 айдоочуга эскертүү берилип, айып пул салынды. 10 айдоочу мас абалда кармалды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:34
Кечээ
14:55
-ж., 29-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
27
live comments feed...
Комментарийлер