• Башкы бет
  • Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды
09:37, 2021-ж., 15-сентябрь

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууга даярданып жаткандыгы үчүн кармалганын 14-сентябрда кечинде Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү баштады.

«Анын алкагында, ички иштер министринин мурунку орун басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Конституцияны бузуу менен бийликти күч менен басып алуу иштерин уюштуруп жүргөнү аныкталды», - деп айтылат Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Асанов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...