• Башкы бет
  • Ошто 2 мугалим пара алып жаткан жеринен кармалды
13:15, 2021-ж., 14-сентябрь

Ошто 2 мугалим пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто 2 мугалим пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаарында эки мугалим акча алып жаткан жеринен кармалды. Алардын бири убактылуу кармоочу жайга камалса, бири үй камагына чыкты.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, милицияга Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн аталган окуу жайга алып барган учурда окуу жайдын мугалими 1200 доллар акча талап кылган.

«13-сентябрда акча сураган жарандар боюнча маалыматтар такталып, ыкчам иштер алынып барылды. Анын жыйынтыгында арыздануучу тарабынан талап кылынган акчанын бир бөлүгүн — 40 миӊ сом алып жаткан учурда аталган окуу жайдын кызматкери Ө.А. кармалды. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын Токтогул эс алуу багына алып келип берүүнү айткан. Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыкты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө арыздануучудан чындыгында эле анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын билдирген. Жазык кодексинин 238-беренесинин (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими У.И. кармалды. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2000 сом акча талап кылган. Кармалган учурда акча шектүүнүн жанынан чыкты. Ал үй камагына чыгарылды.

Учурда аталган эки факт боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...