• Башкы бет
  • Ош облусунун аймагында сентябрдын аягына чейин 7 мектеп пайдаланууга берилет
13:11, -ж., 14-сентябрь

Ош облусунун аймагында сентябрдын аягына чейин 7 мектеп пайдаланууга берилет

Ош облусунун аймагында сентябрдын аягына чейин 7 мектеп пайдаланууга берилет

Ош облусунун аймагында курулушу толугу менен аяктаган мектептер, бала бакчалар сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Төмөнкү мектеп жана бала бакчалар ачылат:

·Ош облусунун Алай районуна караштуу Коммунизм айылындагы 150 орундуу №22 С.Төрөшов атындагы мектеп;

·Ош облусунун Араван районуна караштуу Юсупов айыл өкмөтүнүн Юсупова айылындагы 60 орундуу №1 бала бакча;

·Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылындагы 225 орундуу мектеп;

·Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылындагы 60 орундуу бала бакча;

·Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-терек айылындагы 100 орундуу Ак-Терек атындагы мектеп;

·Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Жарооз айылындагы С.Жусуев атындагы мектептин спорт залы;

·Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы 275 орундуу Султанов атындагы мектеп;

·Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылындагы 375 орундуу мектеп;

·Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел айыл өкмөтүнүн Жаш айылындагы 275 орундуу Жаш атындагы мектеп;

·Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарындагы 100 орундуу Ч. Айтматов атындагы бала бакча;

·Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүкайыл өкмөтүнүн Шамалды-Терек айылындагы 375 орундуу Р.Коңкошов атындагы мектеп.

Жалпы 7 мектеп, 1 спорт зал жана 3 бала бакчанын курулушу бүтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...