
09:59, 2021-ж., 14-сентябрь
Кылычбек Саркарбаев эки иши боюнча акталды

Ош шаардык сотунун өкүмү менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаев акталды. Соттун чечими ушул жылдын 11-августунда кабыл алынган.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жазык кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү (документтердин жасалмасы) жана 142-беренеси (ден соолукка этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Кылычбек Саркарбаевдин үй камак түрүндөгу бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алып салуу көрсөтүлгөн.
«Жазык-процесуалдык кодекстин 339-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык, айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты жасоодогу күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделүүсү мүмкүн эмес.
Жазык-процесуалдык кодекстин 17-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык, эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттуу эмес. Соттук териштирүүдө айыптоочу тарап айыпталуучунун күнөөсүн далилдеген негиздерди сотко келтирген жок.
Жогорудагы өкүм менен макул болбой Ош облустук прокуратурасы Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилген», - деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу:
Буга чейин 17-декабрда УКМК жасалма документти пайдалануу фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев кармалганын кабарлаган.
«Саркарбаев мурда 1987-жылы 28-декабрда туулган Сулайманов Кылыч Асылбекович болчу. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери, «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта.
Сулайманов-Саркарбаев буга чейин тоноо фактысы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2006-жылы июнда Ош шаардык сотунун чечими менен шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыратылган. Ошондуктан соттолгонун жашыруу үчүн 1987-жылы 20-январда туулган Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин атына жасалма паспорт алган. Бул документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеп жаткан.
Учурда Сулайманов-Саркарбаев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.Сулайманов-Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп туруп, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышкан. Анын ичинде эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга катыштыгы бар», - деп айтылган УКМКнын маалыматында.
Кийин Ош облустук соту К.Саркарбаев 2 айга УКМКнын абагына камакка алынганын билдирген болчу.
2020-жылдын 23-декабрында мэрия Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Саркарбаев Кылычбек Асылбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулганын кабарлаган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер