• Башкы бет
  • Чоң-Алайда британиялык альпинист дайынсыз жоголду
09:57, 2021-ж., 14-сентябрь

Чоң-Алайда британиялык альпинист дайынсыз жоголду

Чоң-Алайда британиялык альпинист дайынсыз жоголду

Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусун багынтууга келген британиялык 34 жаштагы альпинист 31-июлдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошол күнү аба-ырайы кескин төмөндөп, чокуга калың туман түшкөн. Акыркы жолу шериктерине 20 мүнөттө лагерге жетип барам деп рациядан кабар берген.

4-август күнү болжол менен саат 18:00до 102 кызматына Т.А. аттуу адам телефон чалып, 31-июлда саат 19:00дө чамасында Чоң-Алайдагы Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан Ленин чокусунда болжол менен 5100-6100 метр бийиктикте Британия мамлекетинин 34 жаштагы жараны Уорк Джудит Луиза дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Билдирүү Чоң-Алай РИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чоң-Алай РИИБдин ыкчам тергɵɵ тобу альпинисттер жайгашкан лагерге барган.

Окуя болгон жерге барган учурда тɵмɵндɵгүлɵр аныкталган. 22-июль күнү Бишкек шаарында катталган «Тянь-Шань РТМ-2» туристтик фирмасы аркылуу Чон-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан Ленин чокусуна чыгууга келген Британиянын жарандары, жалпысынан 7 адамдан турган топ Ош шаарына келген. Алар менен кошо көп жылдан бери гид катары келип жүргөн ошол эле өлкөнүн 34 жаштагы жараны Уорк Джудит Луиза дайынсыз болуп жатканын маалымдашкан.

23-июлда аталган топ Кашка-Суу айыл аймагындагы Ленин чокусу жайгашкан тоонун этегине «Тянь-Шань РТМ-2» турфирмасынын базалык лагерине келишкен. Ал базалык лагеринде 1 күн түнөп, 24-июль күнү Ленин чокусуна 6100 метр бийикке климатка көнүү үчүн (акклиматизация) чыгып, кайра 25-июль күнү 5300 бийиктикке түшүшкөн. Ошол күндөн тартып Ленин чокусунун 7134 метр бийиктигине чыгуу үчүн алпинисттер менен биргеликте 31-июлуна чейин бийиктикке чыгып көнүгүүлөрдү жасап жүргөн.

31-июль күнү 6100 метр бийиктигинен 5300 метр бийиктикке түшүп бара жатышканда аба ырайы кескин түрдө бузулуп, кар жаап туман каптаган. Аталган топтун арасынан Уорк Джудит Луиза артта калып кетип, топтогуларга рациядан «лагерге 20 минутада жетип барам» деп кабар берип, ошол бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы аныкталган. Ошол күндөн тартып «Тянь-Шань–РТМ-2» турфирмасынын адистери тарабынан Ленин чокусу жайгашкан тоосуна анын жүргөн жайын же болбосо кырсыкка учураган болсо анын жансыз денесин табуу максатында тик учуучу дрондор көтөрүлүп, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө Ленин чокусу жайгашкан тоо кыркасында кар жаап койгондугуна байланыштуу аны издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. Аталган жагдай боюнча РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан тийиштүү иш кагаздар топтолуп, тийиштүү кызматтарга жеткирилип, издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...