• Башкы бет
  • Айзада Канатбекованын өлүмүндө айыпталып жаткан жигит кечирим сурады
09:55, 2021-ж., 14-сентябрь

Айзада Канатбекованын өлүмүндө айыпталып жаткан жигит кечирим сурады

Айзада Канатбекованын өлүмүндө айыпталып жаткан жигит  кечирим сурады

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча сот процесси уланууда.

Отурумду судья Салтанат Есенкулова алып барууда.

Маркум Канатбекованы уурдоого 5 киши айыпталууда. Алар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Рахманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Рахманкуловдун сөөгү Айзаданын жанынан табылган. Калгандары пандемияга байланыштуу сотко жеткирилген жок. Ошондуктан сот процесси онлайн режимде өтүүдө.

Судья айыпталуучу Молдосариевге акыркы сөз берди.

«Мен Айзаданын жакындарынан кечирим сурайм», - деди ал.

Судья: «Дагы бир нерсе айткыңыз келип жатабы?», - деп тактады.

«Андан башка эч нерсе айта албайм», - деди Молдосариев.

Судья өкүм чыгаруу үчүн сот залынан чыгып кетти.

Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкек шаарынын четиндеги талаада токтоп турган унаадан табылган. Унаада аны уурдагандардын бири Замирбек Теңизбаевдин дагы жансыз денеси табылган. Ал Айзаданы зордуктап, муунтуп өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, укук коргоо органдарынын 44 кызматкери жазаланды.

Теңизбаевге Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо), 130-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 161-беренеси (Зордуктоо) менен айып тагылган. Бирок Теңизбаевдин өлгөнүнө байланыштуу тергөө иши токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...