• Башкы бет
  • Камчыбек Досматов Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалды
09:49, -ж., 14-сентябрь

Камчыбек Досматов Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалды

Камчыбек Досматов Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп дайындалды

Камчыбек Досматов Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси болуп дайындалды, буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.

Кечээ, 13-сентябрда жаңы аппарат жетекчисин Ош шаарынын мэриясынын эмгек жааматына тааныштырылды

Камчыбек Досматов бул кызматка чейин Кыргыз Республикасынын Президенинин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп турган.

Жаңы дайындоо КРнын Президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы №266 - “Кыргыз Республикасынын Президенинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо” жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде которулган.

Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеп, бир топ тажрыйба топтогон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.

Эки жогорку билимдин ээси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтынын 2-класстагы кеңешчиси.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...