• Башкы бет
  • Баткендеги унаа кагылышынан улам бир адам каза болуп, жетөө жараат алды
11:21, 2021-ж., 13-сентябрь

Баткендеги унаа кагылышынан улам бир адам каза болуп, жетөө жараат алды

Баткендеги унаа кагылышынан улам бир адам каза болуп, жетөө жараат алды

Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышып, эки эркек киши каза болуп, жети адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда акыркы сегиз айда 497 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул күнүгө экиден киши көз жумат дегенди билдирет.

Кырсыктан каза болгондордун басымдуусу беш жаштан 29 жашка чейинкилер, жараат алгандардын көпчүлүгү дагы ал-күчкө толуп турган адамдар

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...