• Башкы бет
  • Алексей Филатовдун акыркы каты эмне жөнүндө жазылгандыгы айтылды
11:18, 2021-ж., 13-сентябрь

Алексей Филатовдун акыркы каты эмне жөнүндө жазылгандыгы айтылды

Алексей Филатовдун акыркы каты эмне жөнүндө жазылгандыгы айтылды

Теле алып баруучу Алексей Филатов 12-сентябрда Бишкектеги ооруканада көз жумду. Ал 26-августта пневмония менен жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, 10 күн жандандыруу бөлүмүндө болгон.

Маркум социалдык түйүндөгү баракчасына акыркы ирет жашоо тууралуу ой толгоосун жарыялап, жашоону баалай билүүнүн мааниси тууралуу кат жазган.

«Качандыр бир кезде өзүңдүн бир келген жашооң тууралуу ойлоносуң.Убакыт тез өтүп жатканын түшүнөсүң, бирок кайра эле эч кандай иш жасабайсың.Азыр сен 15 жаштасыңбы? 20 жаштабы? Оу, же 28 жаштасыңбы? Эч нерсе эмес! Болгону, окуп кой. Суткада 24 саат бар. Ар бир күн терезеңден тийген кереметтүү күндүн нуру менен башталат. Бирок сен кайрадан мектепке, колледжге, жумушка баруу керектигин ойлоп ыйлактайсың.

Сен жашооңдо бир гана жолу мектепте окуйсуң. Жашооңдо болгону бир гана жолу кийин сага жана сенин айланаңдагыларга чоң мааниге ээ болуп жана көп таасир бере турган нерселерге бейкапар мамиле кыласың.

Күлкү. Алгачкы сүйүү. Кубаныч. Жолугушуулар. Сабакты калтырганың. Кеч. Жай. Жашооң каякка учуп жатат? Ойлон. Учурду баала. Бардык учурду өзүңдү эч качан андай сезбегендей өткөр. Анткени жашооңдо болгону бир гана жолу сен 15-20 жашта болосуң», - деп айтылат Алексей Филатов 23-августта жазган акыркы катында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...