• Башкы бет
  • Жансыз денеси мүрзөдөн табылган келиндин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды
11:15, 2021-ж., 13-сентябрь

Жансыз денеси мүрзөдөн табылган келиндин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды

Жансыз денеси мүрзөдөн табылган келиндин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды

1-сентябрь күнү Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Сайлык айыл аймагынын Жаңы-Чек айылындагы мүрзөдөн жаш келиндин жансыз денеси асынган абалда табылган, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Андагы маалыматка ылайык, 34 жаштагы Бактыгүлдүн жакын туугандарынын айтымында, анын өз өмүрүнө кол салуусуна эч себеп жок болчу.

«Учурда Чүй районунун жана Токмок шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Биз бул ишти жөн койбойбуз. Биз киши колдуу болду эсептейбиз. Кылмышкер жазасын алышы керек. Ким кылса дагы, Кудайым жазасын берсин. Анткени, ал буга чейин эч качан өлүм жөнүндө айткан эмес. Өз жанын кыюуга түрткү боло турган эч кандай себеп жок болчу.Денесинде көк ала жок экен. Кылмышты такшалган киши жасаган өӊдүү. Думуктуруп же катуу нерсе менен чаап өлтүрүп, андан соӊ өзү асынып алгандай кылып жасап койгон. Себеби, муунгандагы жиптин изи мойнунда жок экен. Жан чыгыш эле оӊойбу?», - деди алар.

Маалым болгондой, маркум 29-августта алыстагы жумушунан келип, 30-31-август күндөрү Бишкек шаарында болгон. 1-сентябрь күнү айылга сапар тарткан бойдон дайынсыз болуп кеткен.

«Акча-тыйын, телефону, кийим-кечелери жанында экен. Азыр алар тергөөчүдө. Бул кандай табышмактуу өлүм болуп калды? Баарыбыздын акылыбыз жетпей турат. Ал эми жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Ал экөөнүн ортосунда талаш-тартыш жок болчу.

Бардык бир туугандары менен абдан ынак, сырдаш болчу. Анын арабыздан кетип калганына ишене албай, ушул тапта баарыбыздын жүрөгүбүз сыздап турган кез», - деди алар.

34 жаштагы Бактыгүл төрт бир тууган болгон. Атасы 65, энеси 60 жашта. Артында 8-класста окуган уулу калды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-сентябрында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Чек айылынын аймагында белгисиз аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Анын негизинде тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Милиция кызматкерлери Жаңы-Чек айылында жайгашкан мүрзөнүн жанынан 30-35 жаштардагы келиндин жансыз денесин даракка асынган абалда табышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан сөөктү кароо учурунда денеде жаракаттар табылган эмес. Иш-чаралардын жүрүшүндө келиндин өздүгү аныкталып, ал 1987-жылы туулган К.Б. болуп чыккан.Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери зарыл болгон экспертизаларды дайындап, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...