• Башкы бет
  • Ошто эки оор жүк ташуучу унаа кагышты
09:58, -ж., 13-сентябрь

Ошто эки оор жүк ташуучу унаа кагышты

Ошто эки оор жүк ташуучу унаа кагышты

Ош шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 10-сентябрда саат 18:30дар чамасында Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну А.Р. «Хендай портер» үлгүсүндөгү унааны Ы.Монуев көчөсү аркылуу чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, А.Масалиев менен Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Т. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Хендай портер» унаасынын айдоочусу жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилди.

Буга чейин бул кырсыкка күбө болгон жаран: «Мен жол четинде турган элем. Баары көз алдымда болду. Эки унаа сүзүшүп, "Портердин" ичиндеги адам алдыңкы терезесинен ыргып, чыгып кетти. Унаалар оодарылды. Алардын ичинен бир унаа даарат кагаздарын толтуруп жүктөгөн экен. Чачылып кетти. Айланадагы эл жыйнап коюшту. Ал эми жаракат алган адамды тез жардам кызматы ооруканага алып кетти», - деп билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...