09:56, 2021-ж., 13-сентябрь
Чүйдө экстремисттик уюмдун башчысы кармалды

Экстремисттик материалдарды даярдап, аларды тараткан деген шек менен 1974-жылы туулган М.М. кармалды. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, социалдык түйүндөрдөн «Владимер Вова» деген колдонуучу аныкталган.
Расмий маалымат боюнча, шектүү мурда да экстремисттик материалдарды сактап, таратканы үчүн сот жоопкерчилигине тартылган. Болжолдуу маалымат боюнча, М.М. «Хизб-ут-Тахрир Аль Ислами» экстремисттик уюмунун Чүй облусу боюнча бюросунун жетекчиси — «Маъсул» кызматын ээлеп турган.
Ал убактылуу камакка алынып, тергөөлөр уланып жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер