11:02, 2021-ж., 11-сентябрь
Ош шаарында жаштар арасында марафон өтүүдө

Бүгүн, 11-сентябрь күнү Ош шаарында жаштар арасында чуркоо боюнча марафон өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.
Спорттук иш-чара ВИЧ/СПИД жана кургак учук ооруларын алдын алууга багытталган. Марафонго Ош шаарындагы 6 аймактык башкармалыктан 8 жаштан 18 жашка чейинки жаштар катышууда. Алар 3 чакырым аралыкка чуркашат.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан белектер берилет. Жаштардын коопсуздугу үчүн иш-чара өткөн жерге тез жардам кызматы тартылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер